Жаңылыктар

11.12.2023 13:59

   Кароолор: 779

БИШКЕКТЕ ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮЛӨР КӨП КАБАТТУУ ТУРАК ҮЙДӨ МАШЫГУУ ӨТКӨРДҮ

Бишкектин Жал кичи районунда курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйлөрдүн биринде атайы өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Анда көп кабаттан турган имараттын эң үстүндө чыккан өрттү өчүрүүдөгү куткаруучулардын иш-аракети, тажрыйбасы бааланды.

Машыгууга Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын бардык өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчүлөрү катышып, 54 жана 30 метрлик автошаты, 2 өрт өчүрүүчү унаа жана куткаруу кызматы тартылган. Белгилей кетсек өрт-тактикалык машыгуу башкармалыктын планынын негизинде өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу