Жаңылыктар
19.02.2025 10:03
Кароолор: 987
БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАР ӨРТ ӨЧҮРҮҮ БӨЛҮГҮНҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Кечээ, 18-февралда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери №3 ӨККБда ачык эшик күнү уюштурулду.
Анда №65 орто мектебинин окуучуларына ар кандай өзгөчө кырдаалдарда өздөрүн алып жүрүү эрежелери, өрт коопсуздугу жөнүндө нускамалар, видеороликтер жана ӨКМдин музейинде экскурсиялар уюштурулду.
Жалпысынан иш-чарага 27 тарбиялануучу, 4 ата-эне жана 4 мугалим катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР