Жаңылыктар

14.02.2025 18:05

   Кароолор: 498

БИШКЕКТЕ НАРИСТЕЛЕР ӨРТ ӨЧҮРҮҮ БӨЛҮГҮНӨ ЭКСКУРСИЯ ЖАСАШТЫ

Кечээ, 13-февралда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Октябрь району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери №5 ӨККБда ачык эшик күнүн уюштурду.

"АйдаЯ" жеке бала бакчасынын тарбиялануучуларына ар кандай өзгөчө кырдаал катталган учурда өзүн алып жүрүү эрежелери түшүндүрүлүп, өрт коопсуздугу тууралуу нускамалар экскурсия түрүндө уюштурулду. Жалпысынан иш-чарага 15 тарбиялануучу жана 2 мугалим катышты.

Ал эми бүгүн, 14-февралда Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери №3 ӨККБда уюштурган ачык эшик күнүнө STEAM KIDS жеке бала бакчасынын тарбиялануучулары катышып, кризисттик кырдаалдарда өзүн аман куткаруу, өрттүн алдын алуу сыяктуу түшүндүрүү иштери видеоролик аркылуу көрсөтүлдү жана ӨКМдин музейинде экскурсиялар уюштурулду. Жалпысынан иш-чарага 20 тарбиялануучу, 3 ата-эне, 2 тарбиячы катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу