Жаңылыктар
04.02.2025 19:40
Кароолор: 225
БИШКЕКТЕ МЫЙЗАМСЫЗ САТЫЛГАН КҮЙҮҮЧҮ МАЙЛАРГА КЕЗЕКТЕГИ РЕЙД ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Биринчи Май районуна караштуу өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, Өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспектору, Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери жана Салык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте борбордогу күйүүчү майды мыйзамсыз саткан жайларда рейд жүргүзүштү.
Текшерүүнүн натыйжасында Бишкектин Биринчи Май районунда 640 литр желим идиштерде сатылып жаткан май алынып, 5 жаранга протокол түзүлдү.
Адам өмүрүнө кооптуу болгон мындай күйүүчү май мыйзамсыз саткан сатуучулар адистерге ар кандай каршылыктарды көрсөтүшсө да, текшерүү, эскертүү иштери ӨКМ тарабынан тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Бишкектин ушул районунда күйүүчү май сакталган кампада өрт чыгып, 17 тонна май күйгөн. Бактыга жараша жабыркагандар болгон эмес.
Канчалык бөгөт коюлган менен жол жээктете тизилип тынымсыз сатылганын көрөсүң. Бул райондо күйүүчү май саткан жайларга үйлөр жанаша, тыгыз жайгашкан. Мындай жайларда өрт кырсыгы катталса, материалдык чыгымдан да адам өмүрүнө кооптуулук жогору экенин эстен чыгарбайлы.
ЖАЛЫНДАГАН ӨРТТҮН АЛДЫНДА БААРЫБЫЗ АЛСЫЗБЫЗ!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР