Жаңылыктар
10.07.2025 11:49
Кароолор: 220
БИШКЕКТЕ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫНАН ӨРТ ЧЫКТЫ
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда алдын ала маалымат боюнча бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:14тө Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, Биринчи Май райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, Биринчи Май райондук №8 аскерлештирилген өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, жалпы 4 күжүрмөн эсеп жеринде иш алып барууда.
Мындан тышкары кошумча саат 11:35те ӨКМдиин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан бир унаа, 2 офицер 1 дрону менен тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР