Жаңылыктар
10.07.2025 12:56
Кароолор: 257
БИШКЕКТЕ МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫНАН ЧЫККАН ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ
Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 12:19да чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзөт.
Белгилей кетсек, жеринде ӨКМден 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер иш алып барууда.
Андан тышкары Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер, 2 экипаж жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР