Жаңылыктар

23.10.2023 09:49

   Кароолор: 1208

БИШКЕКТЕ МЭРДИН КУБОГУ ҮЧҮН МЕЛДЕШ ӨТҮҮДӨ АГА ӨКМдин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАТЫШУУДА

БИШКЕКТЕ СПОРТТУН БИР НЕЧЕ ТҮРҮ БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ ҮЧҮН МЕЛДЕШ ӨТҮҮДӨ

 

АГА ӨКМдин БИШКЕК ШААРДЫК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КАТЫШУУДА

 

Бишкекте спорттун бир нече түрү боюнча калаа мэринин кубогу үчүн мелдеш өтүүдө. Салтка айланган спорттук иш-чара түзүмдүк башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңешинин арасында өткөрүлүп келет.

Мелдеште командалар спорттун кичи футбол, аркан тартыш, дартс, волейбол, стол тенниси, шахмат, бильярд боюнча күч сынашып, иш-чара 7-октябрдан 4-ноябрга чейин уланат.

Ушул тапта КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынан ар бир багыт боюнча командалар спорттук мелдешке катышып, мыктылыгын көрсөтүүдө.

Алсак, волейбол жана кичи футбол боюнча финалга жолдомо алышты. Калган спорттун түрлөрү боюнча оюн алдыңкы күндөрү орун алат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу