Жаңылыктар
04.06.2025 15:53
Кароолор: 206
БИШКЕКТЕ КУТКАРУУЧУЛАРДЫН КЕСИПТИК ДАЯРДЫГЫ БААЛАНУУДА
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын түзүмдүк бөлүмдөрү күжүрмөн жана атайын даярдык абалын баалоо боюнча текшерүүдөн өтүүдө.
Контролдук текшерүүдө өздүк курамдын өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу, куткаруу кызматтарынын ыкчам аракеттенүү жөндөмдүүлүгү, материалдык-техникалык камсыздалышы жана кызматкерлердин кесиптик даярдыгы бааланууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР