Жаңылыктар

26.08.2024 21:30

   Кароолор: 792

БИШКЕКТЕ КУТКАРУУЧУЛАР ЖАРАНДЫН ӨМҮРҮН САКТАП КАЛЫШТЫ

Бүгүн, 26-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун М.Ганди көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан 1992-ж.т. (өздүгү такталууда) эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылган.

Алар аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен ошол эле маалда куткаруучулардын бир бөлүгү чатырга чыгып, атайы шаймандар менен жаранды түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу