Жаңылыктар

31.10.2023 14:25

   Кароолор: 794

БИШКЕКТЕ КУТКАРУУЧУЛАР ТАМАК САТУУЧУ ЖАЙДАН ЧЫККАН ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮДӨ

Бишкектин Свердлов районунун "ДОсОО-Форт" базарынын маңдайында муниципалдык аймакта жайгашкан май токоч сатуучу күркөдөн (контейнер)өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:09дан тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:45те чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу