Жаңылыктар
26.01.2025 14:22
Кароолор: 807
БИШКЕКТЕ КУТКАРУУЧУЛАР МУЗ ТЕБҮҮДӨГҮ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИН ЭСКЕРТҮҮДӨ
Өткөн апта соңунда ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматы менен биргеликте Биринчи май району жана Свердлов району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары борбор калаадагы №21, №29, №69 мектептерге балдардын кышкы мезгилде тоодо чана тебүүдөгү коопсуздук эрежелерин сактоо, көлмөлөрдө тоңгон муз үстүндө ойнобоо жана кыш мезгилинде узак жолго чыгууда аба ырайы боюнча шашылыш эскертүүлөргө көңүл буруу боюнча лекция, нускамалар өтүштү.
Учурда эс алуу күндөрү борбордүн көпчүлүгү тоодо эс алууга жөнөшөт. Кырсыктын алдын алууга багытталган үгүт-насаат иштерин куткаруучулар байма-бай уюштуруп мектептерге жана окуу жайларга коопсуздук эрежелерин эскертүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР