Жаңылыктар
12.08.2026 23:19
Кароолор: 560
БИШКЕКТЕ КУТКАРУУЧУЛАР КУДУККА ТҮШҮП КЕТКЕН ЖАРАНДЫ КУТКАРЫШТЫ
2026-жылдын 12-августунда Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн жанында эркек киши канализациялык кудукка түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жөнөтүлгөн.
Куткаруучулар атайын альпинисттик жабдуулардын жардамы менен жаранды канализациялык кудуктан коопсуз чыгарып, Ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жарандын абалы канааттандырарлык. Медициналык жардамга муктаждык болгон эмес.