Жаңылыктар

07.10.2024 15:32

   Кароолор: 584

БИШКЕКТЕ КУТКАРУУЧУЛАР АРАСЫНДА ӨРТ - КОЛДОНМО СПОРТУ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

4-октябрь күнү борбор калаанын "Динамо" стадионунда өрт-колдонмо спорту боюнча мелдеш өттү.

Ага ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караган райондорунун өрт-куткаруу бөлүктөрүнөн 4 команда катышты.

Мелдеште кызматкерлер өрт-колдонмо спортунун жалпы 4 түрү боюнча күч сынашты. Алар:

- 4 кабаттуу окутуу мунарасына шаты менен чыгуу;

- 100метр аралыкты тоскуулдуктар аркылуу өтүү;

- күжүрмөн жайылтуу.

Кадимки өрттү өчүрүүдө колдонгон ыкмаларды камтыган спорттун бул түрү боюнча уюштурулган мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, мыктылар алдыга оозуп чыгышты.

Жалпы командалык эсепте 1-орунду Ленин райондук ӨКБ, 2-орунду Биринчи Май райондук ӨКБ алса, 3-орунду Октябрь райондук ӨКБ багындырды.

Мелдештин эң негизги максаты – өз кызматына даяр болуу жана куткаруучулардын спорттук чеберчилик деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Спорттук иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөр грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов ынтымакты бекемдеген мелдеште жигердүүлүк көрсөтүп, кызыктуу оюн көрсөткөн жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, бул спорттук иш-чара “5-октябрь – Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу