Жаңылыктар
28.06.2024 17:26
Кароолор: 275
БИШКЕКТЕ КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨ ӨРТ ЧЫКТЫ
Бишкек шаарынын Ленин районунда алдын ала маалымат боюнча Л. Толстой жана Крылов көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу салынып жаткан турак үйдүн чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 16:50дө №6 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 16:52де 1, саат 17:01де №8 АӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, 1 суу ташуучу жана штабдык унаа тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР