Жаңылыктар
20.03.2025 14:15
Кароолор: 354
БИШКЕКТЕ КӨҢҮЛ АЧУУЧУ ТҮНКҮ КЛУБДАРДА РЕЙД ЖҮРҮҮДӨ
Бишкек шаарындагы адамдар массалык түрдө эс алуучу айрым түнкү клубдар, көңүл ачуучу караокелердин өрткө каршы коопсуздук абалы текшерүүгө алынууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын инспекторлору ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн кызматкерлери менен жүргүзгөн түнкү рейдде «Павлин Мавлин» жана Soulist түнкү клубдарда айрым бузуулар боюнча эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР