Жаңылыктар

21.10.2025 18:00

   Кароолор: 8

БИШКЕКТЕ КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ӨТӨТ. ТЕХНИКАЛАРДЫН АВАРИЯЛЫК ҮНҮНӨ ТЫНЧСЫЗДАНБАҢЫЗ!

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарында 2025-жылдын 22-24-октябрь күндөрү КР Президенти - Жарандык коргонуу башчысы Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген республикалык команда-штабдык машыгуусун өткөрөт.

Бул жолку маштабдуу машыгуу жер титирөөнүн оор кесепеттеринен коргонуу, алдын алууга даярдыкты күчөтүүгө багытталат. Ага Жарандык коргонуунун башкаруу органдары жана алардын күч каражаттары тартылат.

Тактап айтканда, иш-чаранын практикалык бөлүгүнүн жүрүшүндө өрт өчүрүүчү унаалардын, медициналык тез жардам кызматтарынын, тик учактын жана башка адистештирилген техникалардын авариялык үндөрү угулушу мүмкүн.

Андыктан, ӨКМ Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна мындай учурга тынсызданып, дүрбөлөнгө түшпөө керектигин эскертет!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу