Жаңылыктар

24.10.2025 12:10

   Кароолор: 44

БИШКЕКТЕ KG RESILAND ДОЛБООРУНУН АЛКАГЫНДА ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ТЕХНИКАЛЫК МИССИЯСЫ ӨТҮҮДӨ

Бишкек шаарында «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү (KG RESILAND CA+)» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын техникалык миссиясы уланууда.

Миссиянын максаты — долбоордун аткарылышынын учурдагы абалын баалоо, алдыдагы иштерди жана негизги багыттарды макулдашуу, ошондой эле кийинки кадамдарды талкуулоо.

Жолугушууларда каржылык башкаруу, төлөмдөр жана сатып алуулар, жумуштарды макулдашуу, жыйынтыктардын матрицасы жана иш-аракеттердин мөөнөттөрү боюнча маселелер каралды. Ошондой эле долбоорду ишке ашырууда бардык өнөктөштөрдүн ишин координациялоо жана натыйжалуулукту жогорулатуу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, жабдууларды жеткирүү жана лабораторияны аккредитациялоо боюнча маселелер талкууланды. Бул лаборатория табиятка негизделген чечимдерди жана долбоордун илимий изилдөөлөрүн ишке ашырууда маанилүү ролду ойнойт.

Ошондой эле AAS уюмунун өкүлү Инады сан тарабынан Чолпон-Ата шаарында табиятка негизделген чечимдер (NBS) боюнча концептуалдык долбоордун онлайн-презентациясы өткөрүлдү. Презентациянын жүрүшүндө катышуучулар NBSтин негизги ыкмаларын талкуулап, практикалык суроолоруна жооп алышты.

Дүйнөлүк банктын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн өкүлдөрү бардык өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны бекемдөө жана ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү, жаратылыш коркунучтарына туруктуулукту жогорулатуу боюнча иш-аракеттерди ырааттуу жүргүзүү маанилүү экенин белгилешти.

 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу