Жаңылыктар

21.08.2025 13:20

   Кароолор: 259

БИШКЕКТЕ КАМПАДАН ЧЫККАН ИРИ ӨРТКӨ 3 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ

Бишкек шаарынын Октябрь районунда бүгүн, 21-августта алдын ала маалымат боюнча Көк-Жар айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:55те Октябрь райондук №7 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 12:15те Октябрь райондук №5 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1, саат 12:24тө дагы 1 күжүрмөн эсеп, жалпы 3 бөлүм тартылган.

Кошумча ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кезметинен жана мэрия тарабынан 2 суу ташыгыч унаа (водовоз) чыгып, өрт өчүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, жеке менчик даяр продукция сакталган кампа сэндвич панелдерден салынган, ичинде жер-жемиш салуучу жыгач, желим ящиктер, малина, кулпунай жана башка жемиштер болгон. Болжол менен 1500 чарчы метр аянты күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу