Жаңылыктар

14.10.2024 11:10

   Кароолор: 418

БИШКЕКТЕ КАФЕДЕН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Бишкек шаарында Тоголок Молдо менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден чыккан өрт өчүрүлдү.

Өрт саат 08:57 чектөөгө алынып, саат 11:01де толук өчүрүлдү.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылды.

Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу