Жаңылыктар
11.01.2025 08:17
Кароолор: 605
БИШКЕКТЕ ИРИ ӨРТТҮ ӨЧҮРҮҮГӨ 5 БӨЛҮМ ТАРТЫЛДЫ
Бүгүн, 11-январга караган түнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн электр калканынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 03:35те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 03:35те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 03:36да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты, саат 03:46да Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, саат 03:56да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, жалпы 4 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты жана штаб тартылган.
Ал эми саат 05:30да кошумча дагы Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн, 1 автошаты жалпы 5 бөлүм, 3 автошаты жана штаб тартылып, өрт саат 05:54тө чектөөгө алынган. Мындан тышкары Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу бирге иш алып барууда.
Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 500 ч.м. түздү.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР