Жаңылыктар
11.02.2025 21:28
Кароолор: 467
БИШКЕКТЕ ИРИ ӨРТКӨ 6 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ
Бишкек шаарынын Биринчи Май району. Алдын ала маалымат боюнча Тоголок Молдо көчөсүнүн №3/2 дарегинде жайгашкан Улуттук кардиология жана терапия борборунун имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 21:07де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, 1 автошаты, Ленин райондук №6 ӨКБдан 1, Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1, 1 автошаты, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, өрт өчүрүүчү Штабы, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ 1 дрон менен тартылган.
Жалпысынан 6 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты тартылды. Кошумча маалымат берилет.
Ооруканада чыккан өрттү өчүрүү иштерин ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жеринде өз көзөмөлүнө алууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР