Жаңылыктар
06.02.2025 18:06
Кароолор: 821
БИШКЕКТЕ ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮН КУРУУЧУЛАРЫНА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Маликова 91 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын адистери түшүндүрүү иш-чараларын өткөрдү.
Ага курулушка катышып жаткан электриктер, участкалык инспекторлор, куруучулар жана башында турган көзөмөлчүлөр катышты. Аларга өрттүн алдын алуу, коопсуздук эрежелерин сактоо, ширетүү жумуштарын алып барууда талаптарды эске алуу сыяктуу теориялык түшүндүрмөлөр берилди. Өрт чыккан учурда алгач колдонула турган өрт өчүрүүчү шаймандардын колдонуунун ыкмасы көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары 2025-жылга бекитилген пландын негизинде өткөрүлүүдө.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР