Жаңылыктар
26.03.2024 16:13
Кароолор: 303
БИШКЕКТЕ ГАЗ ТҮТҮНДӨН КОРГОНУУ МАШЫГУУСУ БАШТАЛДЫ
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын 2024-жылга карата негизги иш-чаралар мерчеминин алкагында Газ түтүндөн коргоо кызматында 26-28-март күндөрү мындагы куткаруучуларды, адистерди ыкчам даярдыкка келтирүү машыгуусу башталды.
Аталган иш-чаранын эң башкы максаты – өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөндүгүн чыңдоо, күтүлбөгөн кырсыкка даяр болуу, учурунда өрт өчүрүүчү куткаруучулардын тажрыйбасын жогорулатуу болуп саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР