Жаңылыктар
06.11.2025 18:08
Кароолор: 22
БИШКЕКТЕ ЭСКИ ИМАРАТТА ИРИ ӨРТ ЧЫГЫП, 4 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП ТАРТЫЛДЫ
Бишкек шаарынын Октябрь районунда бүгүн, 6-ноябрь күнү алдын ала маалымат боюнча, Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан эски имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү.
Өрттү өчүрүүгө саат 17:13тө Октябрь райондук №5 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган.
Кошумча саат 17:18де №5 бөлүктөн 1, Свердлов райондук №3 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1, Биринчи Май райондук №4 бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп, жалпы 4 жана штаб тартылды.
Ал эми саат 17:50дө Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам тобу (ППУ) жерине барып, ыкчам аракеттерди көрүп жатышат.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР