Жаңылыктар

24.03.2025 18:15

   Кароолор: 193

БИШКЕКТЕ ЭРЕЖЕ САКТАБАГАН ТҮНКҮ КЛУБДАР ТЕКШЕРИЛДИ

Адатта тышы жылтырап, атын чыгарган түнкү клубдардын босогосун аттай электе эле бутуңан башыңа чейин электен өткөргөн “face control” деген бар. А бирок кардардын келбети менен кийимине карагандан мурун, коопсуздук эрежесин биринчи орунга койсо туура болмок. Сөз башынан болсун...

Өткөн аптада ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын башкы инспектору Эдилбек Ибраимов, улук инспектор Азамат Абдылдаев, Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук ӨК бөлүмүнүн офицери Валентин Коцысин Бишкектеги түнкү клубдардын бир нечесин текшерүүгө алышты. Алсак, “Шансон”, “Live bar” жайларында өрт коопсуздук эрежелери дээрлик сакталбаганы дароо билинди.

Маселен алгачкы өрт өчүрүүчү каражаты алынгандан бери текшерилбегени үстүнө баскан чаңдан эле көрүнүп турду . Ал аз келгенсип көзгө көрүнүктүү жерде да орнотулган эмес. Эвакуациялык жолдун эшиги бекилип, ичин кампа катары толтуруп салышкан. Ал эми электр тогун өткөрүүчү зымдар туш келди чыгып, ачык турганы коопсуздук эрежелерине шалаакы мамиле жасагандыгын билдирет. Мындан сырткары кызматкерлердин кырсык учурундагы даярдыгы жок экендиги билинди.

Тилекке каршы ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматында мындай жайлардын ишин токтотуп, жабууга ыйгарым укугу жок. Тек гана эскертүү берип, айып пул гана сала алат. Анын баасы деле көп эмес. Жеке жактар 7500 сом болсо, юридикалык жактар 23000 сом төлөшөт.

Статистикага таянсак, кафе, ресторан, клубдардагы өрттүн 70% ашканадан келип чыгат. Айрыкча газ баллондун туура эмес орнотулушу. Бузук абалдагы электр буюмдарын колдонуу, сапатсыз электр тогун өткөргөн зымдарын колдонуу ж.б. Ал эми текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жоюуга 1 ай берилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу