Жаңылыктар

26.02.2025 12:22

   Кароолор: 279

БИШКЕКТЕ ЭЛ АРАЛЫК ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН “БИРДИКТҮҮ ТЕРЕЗЕСИН” УЮШТУРУУ БОЮНЧА БИРГЕЛЕШКЕН ОКУУ ӨТҮҮДӨ

Бишкекте бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Кызыл Ай коомунун уюштуруусунда “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча эл аралык өзгөчө кырдалдар жардамдарын көрсөтүүгө көмөктөшүү тобунун окуусу өтүүдө.

Ага ТИМ, ИИМ, Экономика, Саламаттыкты сактоо, Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрликтеринин кызматкерлери, УКМК, Бажы кызматы жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов бул окуунун бүгүнкү күндөгү мааниси зор экенин белгилеп, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам таасир этүү механизмдерин чыңдоого мыкты шарт түзүлөрүн айтып өттү жана катышуучуларга өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип кетти.

Окуунун максаты – эл аралык гуманитардык жардамдарды Кыргызстандын малекеттик чек арасынан мыйзамдарга ылайык оперативдүү өткөрүүнү уюштуруу, тез арада кабыл алуу жана максаттуу таралышын камсыздоо. Ал үчүн тиешелүү органдардын өз ара кызматташуусун жөнгө салуу жана координациялоо механизмдерин иштеп чыгуу практикасы алдыга коюлган.

Окуунун катышуучулары эл аралык өзгөчө кырдаалдарда гуманитардык жардамдарды көрсөтүүнү ишке ашыруу боюнча тийиштүү нормативдик укуктук актылар менен таанышып, суроо-жооп иретиндеги дискуссиялар өтүп жатат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу