Жаңылыктар
27.02.2025 14:58
Кароолор: 710
БИШКЕКТЕ ДАРЫГЕРЛЕРГЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бүгүн, 27-февралда ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи Май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүгүнүн кызматкерлери №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Анда дарыгерлер тилсиз жоо катталганда биринчи колдонулуучу өрт өчүрүү шаймандарын туура колдонуу, эвакуациялоо жана “101”, “112” кызматтарына өз убагында чалып маалымат билдирүү жөнүндө нускама берилип, лекция өткөрүлдү.
Иш-чарага жалпы 53 дарыгер катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР