Жаңылыктар
12.06.2025 18:12
Кароолор: 47
БИШКЕКТЕ ДАЙЫНСЫЗ ЖАРАН ИЗДЕЛҮҮДӨ
Бишкек шаарынын Свердлов районунда 10-июнь күнү жаран үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон.
Мындан улам КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 6 куткаруучу Чоң Чүй каналынан жоголгон адамды издөөгө чыгышты.
Ал эми Бишкектин Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынан 15 милиционер, 2 ыктыярчы кинолог, туугандарынан 10 адам издөөдө.
Чоң Чүй каналынын жээктеринен жана суудан издөө жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР