Жаңылыктар

13.08.2024 01:53

   Кароолор: 159

БИШКЕКТЕ ЧЫККАН ИРИ ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ

Бишкек шаарынын Октябрь районунда алдын ала маалымат боюнча, Анкара көчөсүндө жайгашкан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы 8 күжүрмөн эсеп, анын ичинде 54 метрлик эки автошаты тартылган.

Өрттүн жалпы аянты 850 м² күйүп, 1500 м² сакталып калды.

Өрт саат 00:23дө чектөөгө алынып, 01:20 да толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен жабыргандар жок, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу