Жаңылыктар
15.09.2025 15:10
Кароолор: 90
БИШКЕКТЕ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ӨРТ КООПСУЗДУГУ ТЕКШЕРИЛИП, 46 МИҢ СОМ АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын адистери Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мекемелерди текшерди.
Текшерүүнүн алкагында Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү башкармалыгына 46 000 сомго эки административдик чара көрүлдү.
Маалыматты таКтай кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча 42 бала бакча, 22 мектеп, жалпы 64 мекемеси текшерилген.
Анын ичинен талапка жооп бербеген 5 мектепке, 12 бала бакчага эскертмелер берилип, аткарылбаганы үчүн административдик чаралар көрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР