Жаңылыктар
08.07.2025 13:15
Кароолор: 135
БИШКЕКТЕ АЛДЫН АЛА МААЛЫМАТ БОЮНЧА БАНКТА ӨРТ ЧЫКТЫ
Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Абдрахманов көчөсүндө алдын ала маалымат боюнча, KICB банкынын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 12:39да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, жеринде иш алып барууда.
Кошумча саат 13:00дө КР ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун бир унаасы менен 2 офицер, 1 дрон тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР