Жаңылыктар
01.11.2024 15:43
Кароолор: 367
БИШКЕКТЕ АЛА-АРЧА ЖАНА АЛАМҮДҮН ДАРЫЯСЫНЫН 1680 метр АРАЛЫГЫ ТАЗАЛАНДЫ
ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен үстүбүздөгү жылдын 30-октябрь күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Эрнест Жусупов, Калкты жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы менен Бишкектеги Октябрь районунда жайгашкан Аламүдүн дарыясынын нугунун абалын А. Куттубаев жана С. Каралаев көчөлөрүнүн кесилишинен Шопен көчөсүнө чейинки аралыкты жеринде карап, суунун нугун механикалык тазалоо боюнча анализдөө иши жүргүзүлдү.
Учурда Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жалпы нугу санитардык, механикалык тазалоодон 1680 метр аралыгы тазаланып, 102 метр тирөөч дубалдары курулду.
Анын ичинен 1142 метр аралыгы Бишкек шаардык мэриясы тарабынан ал эми 640 метр аралыгы ӨКМ тарабынан аткарылды.
Белгилей кетсек, бул иштер 2025-жылга карата "Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу" планына киргизүү максатында жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР