Жаңылыктар

15.01.2025 16:14

   Кароолор: 642

БИШКЕКТЕ АДАМ ӨМҮРҮН АЛГАН ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Маевка айылына жетпей Белозерский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Саат 14:26да Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, андан соң саат 14:46да №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, жалпы 2 бөлүм өрт өчүрүү боюнча аракеттерин көрүштү.

Аянты 85 чарчы метрди түзгөн турак үй толугу менен күйгөн. Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлүп, кырсыктын себептери такталууда. Өрттүн кесепетинен 1960-жылы туулган Т.С. аттуу эркек киши каза болду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу