Жаңылыктар

11.11.2023 13:53

   Кароолор: 498

БИШКЕКТЕ 8-КАБАТТАН ЧЫККАН ӨРТТӨН 2 АДАМДЫ КУТКАРЫП КАЛЫШТЫ

Бишкек шаарынын Октябрь районунун А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан чыккан өрт саат 13:20да толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты 90 чарчы метрди түзгөн.

Өрт өчүрүүчүлөр үй ичинен 2 адамды куткарып чыгышып, 9, 10, кабаттагы батирлерден 20 адамды эвакуациялашкан. Куткарылган 2 жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилип, абалдары туруктуу.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:05те Октябрь районунан жалпы 2 күжүрмөн эсеп жана 1 автошаты тартылган. Ал эми саат 12:20да атайын штаб жөнөтүлгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу