Жаңылыктар
13.06.2025 13:39
Кароолор: 15
БИШКЕКТЕ 3 КҮЖҮРМӨН ЭСЕП, ШТАБ ТАРТЫЛГАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарынын Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында электр калканынан чыккан өрт саат 13:19да толук өчүрүлдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.
Өрттүн кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР