Жаңылыктар
24.01.2025 18:31
Кароолор: 296
БИШКЕК–ОШ ЖОЛУНДА 13 миң КУБ МЕТР КАР КӨЧКҮ АТЫП ТҮШҮРҮЛДҮ
Бишкек–Ош унаа жолунун 198-чакырымдарында саат 16:40тан саат 17:00гө чейин 8 снаряд атылып, баары жарылды. Натыйжада көлөмү 4620 куб метр кар көчкү түшүп, жолго жеткен эмес.
Жалпысынан бүгүн 28 снаряд атылып, баары жарылды. Кар көчкүнүн жалпы көлөмү 13 220 куб метрди түздү. Чүй облусунун аймагында кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иш-чаралары аяктады.
ӨКМдин ыкчам тобу жана КР Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Бишкек–Ош унаа жолунун 238-чакырымына (Итагар кар көчкү станциясына түнөккө калууга) жөнөп кетишти. 25-январь күнү улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР