Жаңылыктар

23.01.2025 17:34

   Кароолор: 501

БИШКЕК–ОШ УНАА ЖОЛУНУН БАРДЫК ТИЛКЕЛЕРИ АЧЫК

Бишкек–Ош унаа жолунун бардык тилкелеринде жолдор ачык.

Унааларга чектөө жок жана жолго түшкөн кар көчкүлөр толук тазаланып алынган.

Ушул тапта бардык посттор кадимки режиминде иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен жеринде иш алып барууда жана абалды жеке көзөмөлүнө алып жатат.

ӨКМ айдоочуларды алыскы сапарга чыгууда аба ырайы тууралуу алдын ала эскертүүлөргө көңүл буруп, жолдогу абалды эске алууга чакырат. Ошондой эле унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так сактоону эскертет!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу