Жаңылыктар

19.03.2025 16:05

   Кароолор: 425

БИШКЕК–НАРЫН–ТОРУГАРТ УНАА ЖОЛУНУН БОЮНДА ӨРТ ЧЫКТЫ

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бүгүн, 19-мартта Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун боюнда болжол менен 22-чакырымында куураган камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

Өрттү өчүрүүгө саат 14:30да Ысык-Ата райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 14:33тө Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан кошумча дагы 1 бөлүм тартылган. 

Учурда өрттү чектөө боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу