Жаңылыктар

30.11.2023 12:58

   Кароолор: 381

БИШКЕК: ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 2 ЖАРАН КУТКАРЫЛДЫ

30-ноябрь күнү, таңга маал саат 04:30 чамасында Бишкектин Октябрь районунун Анкара көчөсүндө жол кырсыгы катталып, "Honda Odyssey" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши 1996-жылы туулган Э.Э уулу жана О.Д. аттуу (туулган жылы такталууда) жабыркаган.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан гидравликалык-авариялык куткаруу шайманынын жардамы менен чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу