Жаңылыктар

20.10.2023 15:56

   Кароолор: 2788

БИШКЕК ЖАНА КАНТ ШААРЫНДА 4 БАЛЛДЫК ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 13:34тө Казахстан Республикасы менен Кыргыз Республикасы чектешкен аймакта очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Бишкек жана Кант шаарларында 4 балл болуп, Кант шаарынан 15 чакырым, Бишкек шаарынан 23 чакырым түндүк-чыгышка карай чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу