Жаңылыктар

31.03.2025 14:42

   Кароолор: 352

БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙДӨ ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЮНЧА ТАКТАЛГАН МААЛЫМАТ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 31-мартта саат 13:25те Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 42° 31 с.ш.λ = 74° 57´в.д.) күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер силкинүү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Карагай-Булак айылында 3,5 балл, Бишкек шаарында 2,5 баллга (Карагай-Булак айылынан 15 чакырым түштүктө, Бишкек шаарынан 52 чакырым түштүк чыгышка) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу