Жаңылыктар
14.03.2024 14:03
Кароолор: 893
БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙДӨ ЖАКЫНКЫ БИР СААТ АРАЛЫГЫНДА КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛӨТ
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ
БИШКЕК ЖАНА ЧҮЙДӨ ЖАКЫНКЫ БИР СААТ АРАЛЫГЫНДА КАТУУ ШАМАЛ КҮТҮЛӨТ
Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет!
Катуу шамал учурунда:
- Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Жарнама калкандарынын жанына турбаңыз;
- Көз айнек кийиниз.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз
Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.