Жаңылыктар
14.05.2025 11:32
Кароолор: 186
БИШКЕК: ЖАМГЫР СУУЛАРЫ ТОПТОЛУУЧУ "БСР" СУУ САКТАГЫЧЫ ТАЗАЛАНУУДА
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери борборубуздагы Б.Алыкулов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн күн батыш тарабында жайгашкан "БСР" суу сактагычынын ичин тазалоо иштерин улантууда.
Жамгыр суулары топтолуучу бул объектинин ичиндеги шагыл, топурактарды чыгаруу жана кеңейтүү жумуштары үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинен тартып жүргүзүлүп келет. Бүгүнкү күндө болжол менен 550 чарчы метр шагыл жана топурак чыгарылды.
Тазалоо жумуштары жергиликтүү бийликтин инженердик техникаларынын жардамында ишке ашырылууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР