Жаңылыктар

19.09.2023 15:37

   Кароолор: 965

Бишкек: Улуттук китепканада жана И. Арабаев атындагы окуу жайында машыгуу өттү

18-сентябрь күнү ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Жарандык коргонуу күнүн” өткөрүштү.

Анда китепкананын кызматкерлерине өрт кырсыгын алдын алуу, тилсиз жоо учурундагы жүрүм-турум эрежелери тууралуу маалымат айтылып, иш-чара кырсык учурундагы коопсуздук эрежесине ылайык иш-аракетти камтыган практикалык негизде уланды.

Коомчулуктун кырсык тууралуу жана андан сактануу билимин тереңдетүү максатын көздөгөн иш-чара борбор калаадагы №29 мектеп-гимназиясында да өттү. Мектеп окуучуларына кызматкерлер айттырбай келген түрдүү кырсыктар тууралуу маалымат беришип, түшүндүрүү иши кеңири жүрдү.

19-сентябрда И.Арабаев атындагы улуттук университетте "Жарандык коргонуу" жана " Өрт коопсуздугу" темасында лекция окулду. Ошондой эле №4 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүндө окуучуларга “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.

Бул иш-чаралар “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата өткөрүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу