Жаңылыктар

28.05.2025 17:38

   Кароолор: 61

БИШКЕК: УЧКУН КОНУШУНДАГЫ ИРИ ӨРТ ЧЕКТӨӨГӨ АЛЫНДЫ

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Учкун конушунда бүгүн, 28-майда алдын ала маалымат боюнча эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт чектөөгө алынды.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 15:34тө Октябрь райондук №7 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 16:02де Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, андан кийин кошумча дагы 2 бөлүм тартылып, жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана Штаб жеринде иш алып барууда.

Өрт саат 16:51де чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзөт.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Өрттүн себептери такталууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу