Жаңылыктар
11.12.2024 12:21
Кароолор: 630
БИШКЕК: ТУРАК ҮЙДӨН ӨРТ ЧЫГЫП, 19 АДАМ УБАКТЫЛУУ ЖАЙГА ЖАЙГАШТЫРЫЛДЫ
10-декабрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Балбан-Таймаш конушунда жайгашкан эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:18де Ленин райондук N6 Өрт куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 16:40 толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен Жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 250 ч.м эки кабаттуу үйдүн чатыры, экинчи кабаттын жыгач полу, терезе, үй-тиричилик буюмдар күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Бактыга жараша адам өмүрүнө зыян алып келген эмес.
16 батир жайгашкан эки кабаттуу үйдөгү 19 киши Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан убактылуу N1 Гимназия-интернатка жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыздалууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР