Жаңылыктар
27.11.2024 09:31
Кароолор: 659
БИШКЕК: ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Некрасов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт саат 08:59да толук өчүрүлдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.
Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.
Тилсиз жоонун аянты болжол менен 230 чарчы метрди түзгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР