Жаңылыктар
24.08.2023 16:39
Кароолор: 448
Бишкек: Тоо боорундагы тилсиз жоо чектөөгө алынды
Бүгүн Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тоо тарабында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Мындан сырткары ККББнын ыкчам тобу, 20 куткаруучу тартылган.
Тоо боорундагы тилсиз жоо 14:30да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өрттүн аянты болжол менен 4-5 гектарды түзөт.
Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР