Жаңылыктар
16.10.2024 09:32
Кароолор: 1403
БИШКЕК: ТӨӨ-АШУУДАГЫ ЖОЛ ТЫГЫНЫНА БАЙЛАНЫШТУУ АЙДООЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШИ ЖҮРҮҮДӨ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ордо калаадагы автобекеттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек ӨКМ алдын ала өлкөнүн аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөрүн эскертип, шашылыш билдирүү тараткан.
Мындан улам ӨКМ зарылчылык болбосо жарандарды жолго чыкпай турууга чакырат. Унаалардын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжырча, кургак азык жана дары-дармек алууну сунуштайт.
Кырсык катталганда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү иштейт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР