Жаңылыктар

20.03.2024 10:42

   Кароолор: 634

БИШКЕК: ТИЛСИЗ ЖООДОН САК БОЛОЛУ

Бүгүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук ӨК бөлүмү тарабынан «Асман -Тирек» ЖЧКга таандык курулуш компаниясынын демилге катынын негизинде өрт-тактикалык окутуу өткөрүлдү.

Окутууда атайы сценарийдин негизинде 4-кабаттан өрт чыгып, имараттын ичиндеги кызматкерлер эвакуацияланып, “Тез жардам” кызматына өткөрүлүп берилген.

Жалпы 65 кызматкер катышкан окуутунун максаты ар кандай өзгөчө кырдаалдар учурунда өзүн-өзү алып жүрүү, алгачкы өрт өчүрүү шаймандарын туура жана ыкчам колдонууга багытталган практикалык көргөзмө сабактар менен кеңири түшүндүрүлдү.

Ошондой эле Ленин району менен Свердлов районунун адистери тарабынан №23, №77 мектептеринде “Жарандык коргонуу” күнү өткөрүлдү.

Окуучуларга жана мугалимдерге өзгөчө кырдаал жана түрдүү кырсык учурунда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери тууралуу маалымат берилип, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен колдонуу практикалык негизде үйрөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө имараттан окуучулар эвакуцияланып, миңден ашык окуучу жана мугалимдер катышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу